Газада курман болгондордун саны 200гө жетти

АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн колдоосу менен болгон Израилдин Палестинага каршы чабуулдарында Иран жана бир катар ислам өлкөлөрү Палестинага тилектештиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Израиль армиясынын Газага болгон чабуулунан 60ка чукул бала жана 35 аял курман болгон.

Дүйнөлүк тышкы саясатта Тегеран ХАМАСка Израиль армиясынан коргонууда ар тараптуу колдоо көрсөтүп келээри анык.
Ал эми акыркы күндөрдө Израилдин Газага чабуулу күчөгөндөн улам Түркиянын президенти Режеб Тайип Эрдоган да Израилди каттуу айыптаган.

Түркиянын жана Ирандын президенттери ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгонун 16-майда Түркиянын Лидеринин Администрациясынын байланыш бөлүмү билдирген. Бул телефондук баарлашууда Түркия-Иран мамилелери жана Палестинадагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Президент Эрдоган ирандык кесиптеши менен болгон сүйлөшүүдө Израилдин Палестина жерлеринде жасаган мыйзамсыздыгын, анын ичинде Газа тилкесине урулган соккуларды кескин айыптады. Анын айтымында, Палестинаны колдоо маселесинде Анкаранын позициясы чечкиндүү жана өзгөрүүсүз бойдон калат. Түрк лидери эл аралык коомчулук Израилге Палестинага каршы чабуулдарды ооздуктоо жана алдын алуу үчүн оор сабак өтүшү керек деди. Президент Эрдоган ошондой эле Палестина маселеси боюнча ислам өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Пакистан палестиналыктарды Израилдин агрессиясынан коргоого чакырды. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши эл аралык коомчулукту Жакынкы Чыгышка кийлигишүүгө жана Израилдин палестиналык жарандарга карата кыянатчылыгын тез арада токтотууга үндөдү. Пакистан дипломатиясынын башчысы тиешелүү кайрылууну Түркиянын демилгеси менен онлайн режиминде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Аткаруу комитетинин кезексиз жыйынында билдирди. Курейши Палестинаны колдоо Исламабаддын тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири бойдон калгандыгын эске салды.

 “Пакистанды Израилдин оккупациялык күчтөрү тарабынан корголбогон Палестина элине каршы жасалган адилетсиздик жана зулумдук, ошондой эле мыйзамсыз, пропорционалдуу эмес жана басмырлаган күч колдонуу масштабдары таң калтырды”,- деди министр.

Курейши Палестина аймактарындагы оор кырдаалды, бул Израилдин тынымсыз агрессиясынын, анын ичинде Газа секторун блокадалоонун натыйжасы деп атады.

Ал мындай деп кошумчалады: “Палестиналыктарга каршы системалуу жана жапайы кылмыштарды жетиштүү түрдө айыптоо үчүн сөздөр жетишпей жатат.”

Анын айтымында, Израилдин коопсуздук күчтөрү тарабынан корголбогон палестиналыктарга каршы күч колдонулуп, эл аралык укуктун олуттуу бузулушу болуп саналат. «Исламабад Палестина эли жана алардын өкмөтү менен бекем тилектештигин дагы бир жолу тастыктады. Палестина элинин эрдиги жогорку баага татыктуу ”, – деди Курейши.

Палестинаны колдогон ислам өлкөлөрүнүн бири Иордания, басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги Шейх Жеррахтан палестиналыктарды мажбурлап көчүрүүнү согуш кылмышы деп эсептейт. Бул тууралуу Иорданиянын тышкы иштер министри Аймен аль-Сафеди ИКУнун Палестина боюнча Аткаруу комитетинин кезексиз жыйынында билдирди. Иорданиянын министрлиги палестиналыктарга жана Аль-Акса мечитине ар кандай жардам көрсөтөөрүн баса белгиледи.

 «Бүгүнкү жолугушуунун максаты – мыйзамсыз, адеп-ахлаксыз жана адамгерчиликсиз аракеттерге каршы ислам дүйнөсүнүн биримдигин көрсөтүү”,- деди ал ИКУнун жыйынында.

Министрдин айтымында, Израилдин аракеттери Жакынкы Чыгышта эскалациянын жаңы айлампаларына алып келип, кан төгүүгө шарт түзүүдө.

Палестинага тилектештик катары Пекин дагы өз колдоосун билдирип, согуш тез токтотулуусу керектигин жана диалог жүргүзүлүүсүн талап кылган.

Палестиналык маалымат каражаттары өз кезегинде Израилдин аба күчтөрү акыркы бир нече сааттын ичинде Газа тилкесиндеги көптөгөн объектилерге катуу аба соккуларын баштаганын кабарлашууда. Израиль Газа тилкесиндеги медициналык борборго эки жолу ракеталык чабуул жасап, имаратка ири өлчөмдө зыян келтирди. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүдө Израилдин коопсуздук күчтөрү медициналык мекемелерди атайылап бутага алганы айтылат. Бул жолу Дүргө медициналык борбору сүзүлүп, имарат катуу жарактан чыгып, жараксыз абалга келген. Кайрылууда дүйнөлүк коомчулукту тезинен кырдаалга кийлигишүүгө жана медициналык мекемелердин жана персоналдын корголушун камсыз кылууга, ошондой эле Палестина элине, бейөкмөт уюмдарга жана медициналык мекемелерге каршы кылмыштары үчүн Израилди жоопко тартууга чакырык ташталды. Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги соккуларынын натыйжасында 10-майдан бери курман болгон палестиналыктардын саны 200гө жетти. Эл аралык коомчулуктун реакциясына көңүл бурбастан, Израиль бөгөттөлгөн Палестинанын эксклавына чабуулун жерден дагы, абадан дагы деле улантууда.

Сионисттик режим Палестина элин өлтүрүүнү улантып жатканда, АКШ жана Европа өлкөлөрү анын тарабына өтүшкөнү маалым.

“Axius” Израилдин расмий өкүлдөрүнүн сөзүнө таянып, ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү башталышы мүмкүн деп билдирди. База аткаминерлердин айтымында, учурда ок атышууну токтотуу варианты каралган жок.

Комментарий жиберүү