Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Төрагасынын эл аралык иштер боюнча атайын жардамчысы: “Сирияда президенттик шайлоонун өз убагында өткөрүлүшү Дамаск демократиянын туура жолунда бараткандыгын көрсөтөт”,- деп жазган.

Белгилей кетсек, Сирияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, консулдуктарында жана дипломатиялык миссияларында башталган.

Шайлоолор  Австралия, Япония, Кытай, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Индия, Оман, Иран, Армения, Кипр, Ирак, Иордания, Орусия, Беларусия, БАЭ жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө өттү.

Эске салсак, чет өлкөлөрдө жашаган сириялык жарандарга добуш берүү Германиянын жана Стамбулдагы Сириянын консулдугунан тышкары Сириянын бардык элчиликтеринде өткөрүлөт, анткени эки өлкөнүн расмий адамдары өз өлкөлөрүндө Сирияда шайлоо өткөрбөө чечимин кабыл алышкан.

Шайлоонун бул айлампасында 3 талапкер президенттик жарышка катышты, алар: Социалисттик Биримдик партиясынын мүчөсү Абдулла Саллум Абдулла жана оппозициянын өкүлү Махмуд Ахмед Марай, Сириянын учурдагы президенти Башар Асад.

Комментарий жиберүү