ДССУ Кытайга болгон сапарынын жыйынтыктары жөнүндө отчет жарыялоодон баштартты

Кытайдын Ухань шаарында SARS-CoV-2 коронавирусунун келип чыгышын иликтеген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттер тобу сапарынын жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчет жарыялоодон баш тартты.

Бул тууралуу “Irib News” агенттиги “Wall Street Journal” (WSJ) басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, 26 эксперттен турган топ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун коронавирус жана анын келип чыгышы жөнүндө жаңы иликтөөлөрдү баштоого чакырышты. ДССУнун эксперттер тобу Уханга болгон иш сапары ийгиликсиз болгонун тастыкташты.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттер тобу 14-январдан бери Ухань шаарында бир айга жакын болуп, кытайлык адистер менен биргеликте COVID-19дун келип чыгышын аныктоо жаатында изилдөө жүргүзүштү. Адистер Ухандын вирусология институтунда, лабораториясында, ооруканаларда, деңиз азыктары сатылган “Хуанань” базарында ошондой эле Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунда болушкан.

Комментарий жиберүү