Жапаров Катарда Эрдоган менен жолукту

 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. 

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү. 

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Белгилей кетүүчү жагдай, Садыр Жапаров Катардын  эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен  барган.

Комментарий жиберүү