Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттар маалымдашты.

Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль өкмөтү өлкөнүн Коопсуздук иштери боюнча министрлер кабинети Египеттин эки тараптын ок атышпоо демилгесин кабыл алгандыгын билдиргенин жарыялашты. Палестинанын ХАМАС кыймылы эгерде Израиль ок атууну токтотуунун шарттарын аткарса, анда алар дагы 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирди.

Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, макулдашуу АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин ишке ашканын жазышты.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, Египет узак мөөнөттүү элдешүү жараянына жетишүү үчүн Израиль менен Палестинанын өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүгө ниеттенип жатат.

Белгилей кетсек, 10-майда Израилдин чек арасындагы жана Палестинанын Газа тилкесиндеги кырдаал курчуп кеткен. Жаңжал башталгандан бери Газа тилкесинен Израилдин аймагына 4340тан ашуун ракета атылып, анын 1210го жакыны атып түшүрүлгөн.

Буга чейин Израилде 12 адам каза болуп, 50дөн ашуун адам оор жаракат алгандыгы айтылды. Израиль Газа тилкесинде жүздөгөн кол салууларды жасады. Анын аба соккуларынан набыт болгон палестиналыктардын саны 232ге жетип, алардын ичинен 65 бала каза болду жана 1900 адам жаракат алды.

Кечээ, 20-майда ХАМАС менен Израилдин ок атууну токтотуу боюнча макулдашуусу мүмкүн экени маалымдалган.

Комментарий жиберүү