Индияда коронавирус жуктургандардын саны 24 миллиондон ашты

Индияда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 24 миллиондон ашты.

Эксперттер чыныгы статистика мындан 5-10 эсеге көп булушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.

Коронавирустун алгачкы жолу Индияда аныкталган мутацияланган “B.1.177” түрү дүйнө жүзү боюнча жайылып жатат.

Кечээ, жума күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жугуштуу оорулар боюнча эксперти Жайро Мендес COVID-19дун B.1.177 түрү сегиз континенттик өлкөдө, анын ичинде Канадада жана АКШда аныкталгандыгын билдирди.

Эксперттин айтымында, коронавирустун бул түрү адамдан-адамга бат жугат, бирок азырынча анын башка кесепеттери байкала элек жана бир гана тынчсыздандырып жатканы, анын башка түрлөргө салыштырмалуу тезирээк жайылышы.

Өлкөдө өткөн суткада 4 000 өлүм жана 343 144 жаңы учур катталды. Индияда каза болгондордун саны үч күн катары менен 4000 же андан көп болду, бирок дүйнөдө калкынын саны боюнча экинчи орунда турган бул өлкөдө жуктуруу учурлардын саны өткөн жумадагыга салыштырмалуу бир аз төмөндөдү.

Расмий маалыматтарга ылайык, Индияда катталган учурлардын жалпы саны 24 миллионду түздү жана бул өлкөдө эпидемия башталгандан бери илдеттен каза тапкандардын саны 262 317ге жетти.

Өлкөнүн көптөгөн аймактарында тестирлөөнүн жоктугу көптөгөн өлүмдөрдүн жана оорулардын расмий статистикага илинбей калып жаткан болушу мүмкүн жана адистер иш жүзүндө алардын саны 5-10 эсе көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

ДССУ буга чейин Индияда байкалган коронавирустун штаммына байланыштуу шашылыш чечимдерден алыс болууга үндөгөн. Өткөн дүйшөмбү күнү илдеттин бул түрүн “тынчсыздандыруучу жагдайлардын бири” деп жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, алдын-ала жүргүзүлгөн изилдөөлөр вирустун бул түрү башка штаммдарга караганда оңой жугушу мүмкүн экендигин көрсөттү. Окумуштуулар илдеттин бул түрүн жана анын Индияда болуп жаткан коронавирус кризисиндеги ролун изилдеп жатышат.

Комментарий жиберүү