Иранда президенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иран 18-июнга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттай баштады.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Иранда өтө турган президенттик шайлоо жарышына катышууну каалагандар арыздарын 16-мартка чейин тапшыра алышат.
Белгилей кетсек, расмий түрдө, бекитилген талапкерлердин арасындагы шайлоого карата үгүт иштери шайлоого бир ай калганда башталат.
Эске салсак, Иранда президент өлкөнүн руханий лидеринен кийинки эң маанилүү жетекчи болуп саналат.
 Ал Конституциянын аткарылышы үчүн жооптуу, аткаруу бийлигин жетектейт, министрлерди дайындайт жана алардын талапкерлигин парламенттин бекитүүсүнө киргизет. Ошондой эле министрлер кабинетинин аракеттери жөнүндө парламентке отчет берет жана Иран элинин атынан эл аралык келишимдерге кол коет. Буга кошумча бюджеттик пландаштыруу жана аткаруу үчүн жооп берет.
Иран президенттигине 18 жаштан жогору, теги ирандык, жарандыгы бар жана расмий динге (исламга) таандык болгон ар бир жашоочу талапкер боло алат. Ал эми учурда шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун биринчи күнүнүн кечинде 2252 адам документтерин жөнөтүштү. Шайлоо жарышына катышуу үчүн каттоодон өткөндөн кийин, талапкерлер Ирандын Конституциясынын Сакчылар Кеңеши тарабынан бекитилиши керек. Эскерте кетсек, мурунку шайлоолордо алты талапкер бекитилген.

Комментарий жиберүү