Ирандын президенти: Терроризмдин жайылышы жана НАТОнун кеңейиши Азиядагы коопсуздукту бузуп жатат

 Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө терроризмдин жайылышы, ошондой эле НАТОнун кеңейиши аймактагы коопсуздукка доо кетирүүдө. Бул тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Раиси Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде билдирди.

Анын айтымында, АКШ ондогон жылдар бою Пакистандын, Сириянын жашоочуларын оккупациялап, алар агрессия көрсөтүп, адамдардын укуктарын, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугун бузуп келет.

“Терроризмге демөөрчү болгон өлкөлөр терроризмге каршы күрөштүн артына жашынбашы керек. Мындай мамлекеттер жаңы түзүлүп жаткан дүйнөлүк тартипте ишенимдүү өнөктөш боло албайт”, — деди Раиси.

Ал “Жаңы Азия” заманбап дүйнөдө экономикадагы, коопсуздук тармагындагы чакырыктар менен жакшы күрөшө алган жаңы моделдерди куруу үчүн кызматташууну талап кыларын белгиледи.

“Ошондуктан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттеринин арасында экономикалык терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн аймактык валюталарды колдонуу менен биргелешкен финансылык механизмдерди түзүү абдан маанилүү”, – деди Раиси.

Анын айтымында, Иран экономикалык терроризмди айыптайт жана ага каршы күрөшүү үчүн бардык аракетин жумшайт.

“Экономикалык терроризм универсалдуу коркунуч болуп саналат, ага каршы туруу дайыма кызматташууну талап кылат”, – деди Ирандын президенти.

Ал ошондой эле АКШны өз өлкөсүндөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат деп айыптады.

“АКШ көп жылдардан бери Иранга каршы адилетсиз санкция саясатын жүргүзүп келет. Кысым жана чектөөлөр Вашингтон күткөн жыйынтыктарга алып келген жок. Бул дагы бир жолу АКШ жана анын союздаштарынын санкциялык саясаты ийгиликсиз болгонун тастыктайт. Алардын мыйзамдуу өкмөттү кулатуу максатында Ирандагы кырдаалды туруксуздаштырууга жасаган бардык аракеттери ишке ашпайт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Раиси.

Комментарий жиберүү