Кылмышкерлер кашык менен туннель казып, түрмөдөн качып кетишкен

Израиль полициясы, Шин Бет коопсуздук күчтөрү, чек арачылар жана Израилдин коргоо күчтөрүнүн эки бөлүгүнүн аскерлери казылган туннель аркылуу Гилбоа түрмөсүнөн качкан алты палестиналыкты издеп жатышат.

Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазышты.

Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жолдор жабык. Качкандардын арасында “Фатх” уюмунун жарым аскердик канаты болгон “Аль-Акса” шейиттери бригадасынын мурдагы талаа командири бар.

“Jerusalem Post” Израилдин түрмө башкармалыгына таянуу менен билдирген маалыматка ылайык, туткундар бир нече айдан бери дат баскан кашык менен туннель казып жүрүшкөн. Кууш болуп казылган туннель түрмөнүн дубалдарынан алыс эмес жердеги талаага чыккан.

Качуу түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Абактагылар туннелден чыккандан көп өтпөй, аларды бир дыйкан байкап калып, шектүү адамдар тууралуу полицияга кабарлаган. Түнкү саат төрттөрдө түрмөдө алты киши жок экени аныкталган. Алардын баары өмүр бою түрмө жазасына кесилгендер.

Маалыматка караганда, качкындарды сыртта унаа күтүп турганы болжолдонууда. Качуу абакка мыйзамсыз киргизилген уюлдук телефондун жардамы менен ишке ашкан.

Учурда Израилде качкындарды кармоо операциясы жүрүп жатат. Алар Иорданияга өтүп кеткен болушу мүмкүн экени айтылууда. Себеби, казылган өтмөк Иордания менен чек арадан 14 чакырым гана аралыкта жайгашкан.

Белгилей кетсек, Гилбоа Израилдеги эң күчтүү кайтарылган түрмөлөрдүн бири болуп эсептелет.

“Исламдык жихад” уюму өз билдирүүсүндө качууну “баатырдык” деп атаса, “ХАМАС” өкүлдөрү туткундардын качышын “чоң жеңиш” деп атады.

Комментарий жиберүү