Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт

Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келмей болуп жатат.

Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди.

Депутат Эрмамат Тагаевдин “Угушума караганда, жакында учак барып алып келет деген сөз бар. Ушу чынбы?” деген суроосуна ал төмөнкүчө жооп берди:

“Чын. Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет”.

Канулькуловдун айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде каржылык санкция түрүндө жаза алган кыргызстандыктарга жардам берүүгө жол ачылууда. Себеби “өкмөт алардын айып пулун төлөө милдетин өзүнө алып жатат, андан кийин алар Кыргызстанга кайтарылат”.

Министрдин орун басары белгилегендей, Сирия, Ирак мамлекеттери менен Кыргызстандын ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок, андыктан мындай жазасын мекенинде өтөө үчүн шарт түзүү азырынча мүмкүн эмес.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK)

https://www.azattyk.org/a/31142896.html

Комментарий жиберүү