Кыргызстан – Ирандын билим берүү жаатындагы өнөктөштүгү

Ирандын “аль-Мустафа (с.а.в)” Эл аралык Университети Кыргызстандын белгилүү ЖОЖдору менен кызматташууда.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан – Ирандын билим берүү жаатындагы өнөктөштүгүнүн алкагында Бишкекке “аль-Мустафа” Эл аралык Университетинин атайын өкүлдөрү келишти.
5-апрелде Кыргызстан-Иран билим берүү өнөктөштүгүнүн жумалыгына карата Ирандын “аль-Мустафа” Эл аралык Университетинин билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жазаери саид Хамид, Эл аралык бөлүмдүн орунбасары Хатами Варниаб жана философия илимдеринин профессору Реза Бахшаеш Бишкекке келишкен.
 Белгилей кетсек, ардактуу коноктор 8-апрелде өтө турган “Билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо; кыйынчылыктар жана өнүгүү” аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ) аркылуу чакырылышкан.
Эске салсак, бул конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, эмгек сиңирген илимпоз, Илим жана техника чөйрөсүндөгү мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жана Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси Айдаралиев Асылбек Акматбековичтин 80-жылдык мааракесине карата өткөрүлмөкчү.
Ирандык делегаттар апталык иш сапарында Бишкектин белгилүү ЖОЖдору менен таанышып өтүп, алардан кызматташуу боюнча сунуш пикирлерди алышты.
Учурда “аль-Мустафа”, КЭУда бакалавр, магистратура жана докторантуранын “Философия” факультети менен кызматташууда.
Эки университеттин келишим боюнча студенттерге фарс тилин, Ислам философиясын үйрөтүү жана мыкты окуган студенттерге контракт төлөөгө жардам берүү иштери аткарылат.
Ал эми, азыркы тапта КЭУнун философия факультетинде жүздөгөн студенттер окушат.
Чет элдик коноктор ошондой эле, Кыргызстандын Илимдер Академиясынын “Философия, социалдык-саясий илимдер Институтунун” мүдүрү, профессор Саралаев Нур Керимкулович менен да жолугушушуп, “аль-Мустафанын” ардак грамоталарын тапшырышты.
Ирандык өкүлдөр Бишкектеги “Супара” этно-комплексинде, “12-камин” эс алуу комплекстеринде болушуп, 7-апрелде “Ала-Арча” эс алуу комплекси жана “Ата-Бейитти” көрүп, шеит болгондорго бата кылышты.

Комментарий жиберүү