Манилов: Тажикстан менен Ооганстандын чекарасында кырдаал татаал

“Кырдаал татаал, чыңалган, бирок көзөмөл астында”, – деди ал.

Манилов Ооганстандын чек ара аймактарында согушкерлердин топтолушу тууралуу айтып жатып, алардын айрымдары Жакынкы Чыгыштагы согуштук зонадан алынып келингенин белгиледи.

“Бул өзгөчө тынчсызданууну жаратат, анткени булар башка тарапта турган жөн адамдар эмес, алар курал колдонууну, диверсияларды, теракт жасаганды билген машыккан адамдар”, – деди Манилов.

Буга чейин октябрь айында Астанада өткөн Россия-Борбор Азия саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасындагы абал начарлап, ал жерге согушкерлер топтолуп жатканын айткан.

Ал Ооганстан менен чек араны бекемдөө жана зарыл болгон чек ара инфраструктураларын түзүү боюнча зарыл иштер жасалып жатканын айтып 2,5 жылдын ичинде Ооганстан багытында 175тен ашык чек ара заставалары курулганын, бирок ал жетишсиз экенин билдирген.

Эске салсак, кечээ, 8-ноябрда КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Евгений Сысоев “ИМ” террордук уюму  постсоветтик өлкөлөрдөгү жана Афганистандагы эл аралык долбоорлорго каршы операцияларды пландоо жаатында активдеше баштаганын билдирген.

Комментарий жиберүү