Мектепте он жыл иштеген мугалимдерге 1 млн. сом сый акы берүү сунушталууда

Бүгүн, 7-сентябрда депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев сунуштаган «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ Жогорку Кеңештин сайтына чыгарылды.

Анда жалпы билим берүү мекемелеринде он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 1 млн. сом өлчөмүндө акы төлөп берүү, ошондой эле, жалпы билим берүү мекемелеринде республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык маянасын сыйлык катары берүү сунушталган.

Маалыматка ылайык, сый акыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Долбоордун демилгечилери сунушталып жаткан мыйзам долбоору мектептердин ишинин жакшырышына өбөлгө болуп, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп билдиришүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 миң 262 мектеп бар. Аларда 1 млн 222 миңден ашык окуучу билим алып, 83 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы маалымдалган.

Комментарий жиберүү