Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Өткөн жылы Ош шаарында мектеп окуучулары арасында 13 кылмыш иши катталса, быйыл жыл башынан бери, тактап айтканда, 5 айга жетпеген аралыкта 46 учурга жетти.

Анын 29у сотко өткөрүлгөн. Жаш өспүрүмдөр ортосундагы кылмыштуулуктун санын кыскартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында шаардык милиция “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү.

Ош шаардык ИИБ уюштурган “Ачык эшиктер күнүнө” чакырылган калаадагы он мектептин 300гө жакын окуучулары милициянын иши менен таанышты. Аларга тергөө кызматкерлеринин кызмат учуру да көргөзүлдү. Балдар бул нерседен таасирленгенин айтышты.

Милициянын атайын багыттагы кызматрелери курал-жарактарды колдонуу жана кылмышкерлерди кармоо ыкмаларын көргөзүп беришти.

Мындай “Ачык эшиктер күнүн” Ош шаардык ИИБде ар жылы өткөрүлүп турат. Анын максаты – жаштарды кесипкөйлүккө тартуу жана жашы жете электер ортосунда катталган кылмыштуулукту алдын алуу менен профилактикалык иштерди жүргүзүү.

Буга чейин жаш өспүрүмдөр менен иштеген бир инспектор кеминде үчтөн мектепте иш алып барса, эми штаттык бирдиктер көбөйүү алдында турат. Анда бир мектепке бирден кызматкер бөлүнөт.

Комментарий жиберүү