Пайгамбарыбыз ﷺ улууларды урматтоого буйруган

Улууларга урмат көрсөтүү, аларды сыйлоо – кыргыздын негизги баалуулуктарынын бири. Элибиз эч качан карыяларга каяша сүйлөп, алдынан кыя өткөн эмес.

Ислам да улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызаттоого үндөгөндүгүнө

пайгамбарыбыздын ﷺ төмөндөгү хадиси күбө болот :“Ким улууларды урматтабаса жана кичүүлөрдүн акысын бербесе, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарбаса, ал бизден эмес”.

Карыган мезгилде адамдын акылында бир аз өзгөрүүлөр пайда болот. Ошол кезде аларды түшүнүү менен мамиле кылып, дубасын алууга аракет кылышыбыз зарыл.

Пайгамбарыбыз ﷺ айткандарын риваят кылат:“Улгайган мусулманды урматтоо – Аллахты урматтоо”.

Улуу кишилерге кызмат кылган себептүү адам бул дүйнөдө урмат-сыйга ээ болуп, Акыретте да чоң соопторго жетет.

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:“Кайсы бир жаш жигит улгайган аксакалды сыйласа, Аллах Таала ал картайган учурда аны урматтап-сыйлаганга шарт түзүп берет”.

Кайсы бир ишти чече албай жатсак, улууларга кайрылабыз. Анткени алардын тажрыйбасы чоң. Карылардын кеңешин угуп коюу эч качан ашыктык кылбайт.

Ибн Аббастан риваят, пайгамбарыбыз ﷺ айтты:“Береке силердин улууларыңар менен”.

Тилекке каршы, учурда улууларды жетиштүү деңгээлде урматтай албай жаткандайбыз. Аларды бүгүн сыйлабасак, эртең эч качан урмат-сыйга жетпей турганыбызды түшүнүшүбүз керек. Анткени өсүп келе жаткан муун бизди көрүп сабак алып жатат.

Комментарий жиберүү