Пакистан “Талибанды” террорчуларга чара көрүүгө чакырды

Исламабад Ооганстандын талибдер жетектеген өкмөтүн Пакистан жакка сокку урган согушкерлерге каршы “катаң чара” көрүүгө чакырды.

“Копсуздук күчтөрү ооган тараптан коюлган террордук чабуулдардын бутасына айланган учурлар көбөйдү!, – деп билдирди Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 17-апрелде.

Анын алдында, ишембиде “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий өкүлү Пакистандын Кабулдагы элчисин чакыртып, Ооганстандын Хост жана Кунар аймактарындагы аба соккусуна байланыштуу нааразылыгын билдирген.

Уруу аксакалдары жана күбөлөр 30дан ашуун киши, көбү карапайым тургундар мерт кеткенин айтып беришкен. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Пакистандын Кабулдагы элчилиги кол салуунун артында Исламабад турат деген айыптоону четке какты.

14-апрелде чек арадагы Түндүк Вазиристан чөлкөмүндө пакистандык жети аскер окко учканын Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.

БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясы Хост жана Кунардагы соккуларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Миссия фактыларды аныктап, тактоонун үстүнөн иштерин кошумчалады.

“Талибан” Tehreek-e-Taliban өңдүү пакистандык согушкер топторго башпаанек бергенин танып келатат.

Комментарий жиберүү