Палестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт

Пекин Палестинаны колдойт жана Палестина-Израиль жаңжалын жөнгө салууга жардам берет.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И пакистандык кесиптеши Шах Мехмуд Куреши менен болгон телефодогу сүйлөшүүсүндө билдиргени Кытай ТИМинин сайтында маалымдалды.

“Кытай Палестинанын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүүдө, учурдагы көйгөйлөрдү саясий диалог аркылуу чечүүдө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмун, Араб мамлекеттеринин лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун бекем колдоону уланта берет”, – деп билдирди Ван И.

Анын айтымында, Пекин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин конструктивдүү ролуна үмүт артып, уюм жаңжалдашып жаткан тараптарды “эки мамлекеттин концепциясынын” негизинде тынчтык сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырышы керек деп эсептейт.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри Палестина менен Израилге диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берүүнү колдой тургандыгын билдирди. Ал Пакистан Кытайдын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ролун жогору баалай тургандыгын жана Жакынкы Чыгышта ок атышпоо жана зордук-зомбулукту токтотуунун жолдорун табуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы координацияны күчөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 8-майга караган түнү Чыгыш Иерусалимде палестиналыктар менен Израиль полициясынын ортосунда ири кагылышуу болгон. Толкундоолор бир эле учурда эки жерде башталган: Храм тоосунун жанында жана Шейх Жаррах кварталында. Ал жерде Израиль сотунун чечими менен бир нече араб үй-бүлөлөрү чыгарылууда. Анын натыйжасында нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка чейин жеткен.

Израиль менен Палестинанын Газа тилкесинин чек арасындагы кырдаал дүйшөмбү күнү кечинде курчуп, эки жак бири-бирин ракета менен аткылоону баштаган.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин Газага жасаган кол салууларынын натыйжасында 181 адам каза болду, алардын арасында аялдар жана балдар да бар.  

Эл аралык коомчулук тараптарды сабырдуулукка чакырууда.

14-майда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкеси менен Израилдеги куралдуу кагылышууну токтотууга чакырып, бул жаңжал аймактагы радикалдашуу менен экстремизмди күчөтүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Комментарий жиберүү