Пандемиядан улам дүйнөдө 168 миллион бала бир жыл бою мектепке барган эмес

COVID-19дун айынан дүйнө жүзү боюнча болжол менен 168 миллион бала бир жыл бою мектепке бара албай калган. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) жаңы баяндамасында айтылат.

Анын авторлору белгилешкендей, пандемия башталгандан кийин бир жылдын ичинде 168 миллион бала үчүн мектептер толугу менен жабылган. Болжол менен 214 миллион бала – же дүйнө жүзүндөгү ар бир жетинчи бала – күндүзгү окутуунун төрттөн үч бөлүгүнөн ашыгын калтырган.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор айткандай, адамзат балдардын дагы бир жыл мындай толук эмес билим алуусуна мүмкүндүк бере албайт.  Балдар фонду мектептердин жабылышы бардыгы үчүн оор кесепеттерге алып келерин баса белгиледи. Эксперттер эн эле аярлуу балдар жана аралыктан билим алууга мүмкүнчүлүгү жоктор мектепке такыр кайтып келбей калышы мүмкүн же оор жумуш менен алектенишет же эрте турмуш куруп кетишет деп чочулашат.

ЮНЕСКОнун акыркы маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 888 миллиондон ашуун бала мектептердин толук же жарым-жартылай жабылышынан улам билим берүү тутумунун ишиндеги үзгүлтүктөргө  туш болуп жатышат.

Булак: CentralAsia

Комментарий жиберүү