Пентагон Ирактын авиабазасына кол салуу болгонун тастыктады

АКШнын коргоо министрлиги Ирактагы “Айн-ал-Асад” авиабазасына кол салуу болгонун тастыктап, америкалык аскерлер арасында жабыркаган болбогонун маалымдады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады.

“Ирактын “Айн-ал-Асад” авиабазасына ракеталык чабуул жасалганын тастыктай алабыз.  Алдын-ала статистика көрсөткөндөй, болжол менен 10 ракета атылган”, – деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби.

Ал америкалык аскерлер арасында курмандыктар жөнүндө маалымат жок экенин айтып, жарандык кызматтагы бир адамдын жүрөгү кармап каза болгонун билдирди. Анын айтымында, АКШ азырынча кол салууну ким жасагандыгын айта албайт. Бирок Ирактын расмий өкүлдөрү тергөө иштерин жүргүзүп жатышат жана АКШ жардам берүүгө даяр.

Комментарий жиберүү