Путин: Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат

Путин: Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат

Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат.

Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин  бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде билдирди.

Ал кеңешменин алкагында Шанхай кызматташтык уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу интеграциялык бирикмелер динамикалуу иштеп, жакшы натыйжаларды берип жатканын жана анда Азия негизги ролду ойноп келе жатканын айтты.

“30 жылдан бери Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме бүтүндөй кеңири Азия чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулап келди. Бүгүнкү жолугушуу дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы чоң өзгөрүүлөрдүн фонунда өтүп жатат. Дүйнө чындап эле көп полярдуу болуп баратат жана Азия жаңы күч борборлору күч алып жаткан бул жерде негизги ролду ойноп жатат”, – деди Путин.

Ошондой эле РФ бул процесстердин баарына активдүү катышып келе жатканын белгилеп, Москва Азиянын өнүгүшүн жана гүлдөп-өсүшүн жана бул үчүн өз ара пайдалуу соода жана инвестициялык кызматташтык үчүн кеңири ачык мейкиндикти түзүүнү, экономиканын түрдүү тармактарында кызматташтык байланыштарын кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү каалай турганын билдирди.

Комментарий жиберүү