Роза Отунбаева БУУда Ооганстандагы абал тууралуу доклад жасайт

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева 20-декабрда Коопсуздук кеңешинде ал өлкөдөгү абал тууралуу доклад жасайт.

Бул тууралуу маалымат Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) сайтында жарык көрдү. Докладда саясий өнүгүүлөр, коопсуздук, аймактык кызматташуу, адам укуктары, экономикалык кырдаал, донорлордун жардамын координациялоо жана башка маселелер камтылган.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери катардагы оогандар экономикалык каатчылыкка батып, адам укуктары бузулуп, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндиктери чектелүүдө.

Кыргызстандын мурдагы президенти Отунбаева быйыл сентябрда Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси болуп дайындалган.

Комментарий жиберүү