Россия Иран аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөргө мунай жана газ ташый алат

 Россия Перс булуңундагы өлкөлөргө Иран аркылуу мунай жана газ ташый алат.

Бул тууралуу Ирандын мунай министринин орун басары Ахмад Асадзаде Россиянын энергетика жумалыгынын алкагында журналисттерге билдирди.

“Россиянын газын жана мунайын Ирандын аймагы аркылуу Перс булуңундагы сатып алуучуларга ташуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар”, – деди Асадзаде.

Ошондой эле ал Иран Европанын Россияга каршы санкцияларын кылмыш деп эсептей турганын баса белгиледи.

“Россияга каршы санкциялар адамзатка каршы кылмыш, бирок алар биримдикти кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө”, – деди ал.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Тегеран Москва менен абдан тыгыз кызматташып жатат. 6-октябрда Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммад Мохбер аймакта бирдиктүү экономикалык аймак түзүүнү сунуштаган.

Ал эми Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин аймактагы өлкөлөр активдүү кызматташуусу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 12-14-октябрда Москвада Россиянын энергетикалык жумалыгы өтүүдө.

Комментарий жиберүү