Россия менен Иран космос жаатында кызматташат

 Иран Россия менен космос тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол койду, эми тараптар спутниктерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштешет.

Бул тууралуу Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе билдирди.

“Иран менен Россиянын келечектеги кызматташуусунун алкактары акыры аныкталып, бүгүн эки өлкөнүн ортосунда кол коюлду, тараптар ар түрдүү тармактарда эң жакшы өз ара түшүнүшүүгө жетишишти”, – деп билдирди Саларийе.

Кол коюу аземине Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе жана Россинын «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Юрий Борисов катышты. 

Эске салсак, 13-декабрда Ирандын Киш аралында “Iran Air Show 2022” Эл аралык авиация жана космостук көргөзмө старт алган. Ага «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Юрий Борисовда катышкан. 

“Россия менен Ирандын дүйнөлүк аренада тарыхый жакындашуусуна күбө баары күбө болуп жатат. “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясынын авиасалонго катышуусу биз үчүн Ирандын дос элин, ирандык кесиптештерин, ошондой эле авиасалондун бардык эл аралык конокторун Россиянын космостук илим жана технология тармагындагы акыркы жетишкендиктери менен тааныштыруу уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат, – деген Борисов авиасалондун ачылыш аземинде.

“Роскосмостун” жетекчиси Россия менен Иран үстүбүздөгү жылдын август айында “Байкоңур” космодромунан ийгиликтүү учурулган ирандык “Хайям” спутнигин түзүү долбоорунун үстүндө иштөөнүн жүрүшүндө алгылыктуу тажрыйбага ээ болгонун эске салды.

“Хайям долбоорун биргелешип ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасы Россия менен Ирандын космос тармагындагы мындан да масштабдуу кызматташуусунун башталышы болот деп үмүттөнөбүз. Биздин өлкө бул жаатта бай тажрыйбага ээ, биз космосту изилдөөдө пионер болуп саналабыз жана жетишкендиктерибизди иран эли менен бөлүшүүгө даярбыз”, — деп билдирген Юрий Борисов.

Эки өлкө кол койгон меморандумга ылайык, Тегеран менен Москва зонддоо жана телекоммуникациялык спутниктерди биргелешип долбоорлоо жана куруу, ошондой эле ал үчүн зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүү жана космос тармагында биргелешкен окуу курстарын өткөрүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.

IRNA агенттиги мындай документке кол коюуну “Иран менен Россия үчүн космос тармагындагы биргелешкен кызматташуудагы чоң кадам экенин”, бул өз кезегинде “эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин деңгээлин көтөрөт деп эсептеди.

Буга чейин 14-декабрда Россия менен Иран авиация тармагында кызматташууну караштырып, учактарды жана тик учактарды чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аба транспортун тейлөөнү уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Эске салсак, 9-августта “Байкоңур” космодромунда Иран жана анын космостук программасы үчүн маанилүү окуя болгон. Россиялык “Союз-2.1б” ракетасы Ирандын “Хайям” деп аталган спутнигин жана 16 чакан аппаратты орбитага ийгиликтүү учурган.

Россиялык “Союз-2.1б” ракетасы. “Байкоңур” космодрому. 9-август, 2022-жыл.

“Роскосмостун” башчысы Юрий Борисов ракетанын учурулушу орус-иран эки тараптуу кызматташтыгындагы маанилүү учур болгонун айткан.

“Хайям” спутниги — жер бетинин сүрөттөрүн тактык менен алууга жөндөмдүү алыстан изилдөөчү аппарат. Анын  маалыматтары спутниктен алынып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, суу ресурстарына так мониторинг жүргүзүү, мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, токойлорду кыюуга каршы күрөшүү, экологиялык коркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана өлкөнүн чек арасын көзөмөлдөө сыяктуу бир катар маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет.

Иран азырынча космостук держава эмес, бирок алыска барат

Россия Ирандын спутнигин орбитага чыгаргандан кийин россиялык эксперт Фархад Ибрагимов орус-иран мамилелери түп-тамырынан бери жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн, азыр алар экономика, геосаясий мамилелер жана бүгүнкү күндө туш болгон коркунучтар жана чакырыктар менен эле чектелбестен, эми биргелешкен космостук долбоорлордун үстүнөн иш алып барып жатышканын белгилеген.

“Иран көптөн бери Россия менен космостук программалар жаатында алакасын кеңейтүүгө умтулуп келген”, – деп билдирген Ирагимов.

Ал “Хайям” спутнигинин ийгиликтүү учурулушу Тегерандын космостук ишмердүүлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтерин айтып, жакынкы келечекте Иран космостук держава статусун талап кылбаса дагы, Тегеран бул жаатта өзүнүн маанисин кеңейтип жатканын билдирген. 

“Жакынкы келечекте ал космос мейкиндигин изилдөө боюнча олуттуу программага ээ болот. Бул жаатта Иран Жакынкы Чыгыштагы биринчи өлкө болот”, – деген эксперт.

Комментарий жиберүү