Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Токаев Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады.

Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи.

Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду.

Тараптар алдыдагы мааракелик дата — эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана Евразия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын Президентинин Кыргызстанга сапарын макулдашты.

Ошону менен катар Садыр Жапаров Казакстандын чек арасын Кыргызстандын  жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүндү. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирди.

Тараптар ошондой эле, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Соңунда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Комментарий жиберүү