Согуш башталгандан бери Украинада кеминде 20 журналист набыт болду

Орусия Украинага кол салгандан бери аз дегенде 20 журналист мерт кетти. Бул тууралуу Украинанын журналисттер биримдиги маалымдады. Биримдик өлкөнүн Башкы прокуратурасы өлгөнүн бышыктыган маркумдардын ысымдарын жарыялады. Дагы бир нече журналист байланышка чыкпай жатат, алардын тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок. Дайынсыз болуп жаткандардын арасында Алексей Чернышев да бар. Ал 13-мартта фотожурналист жана документалист Макс Левин менен орус армиясы сүрүлүп чыккандан кийинки абалды чагылдыруу үчүн Гута-Межигорская айылына жөнөгөн. Көп өтпөй аймакта аткылашуу жанданганда алар менен байланыш үзүлгөн. 1-апрелде Левиндин сөөгү Киевге жакын жердеги райондо табылган.

Марттын ортосунда борбор шаардын жанында АКШнын Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору, ирландиялык Пьер Закржевски жана 24 жаштагы жергиликтүү продюсер Александра Кувшинова ок атуу учурунда каза тапкан.

23-мартта Киевде орусиялык The Insider басылмасынын кызматкери Оксана Баулина орус аскерлеринин соккусунан кийин Киевдин Подольск районун сүрөткө тартып жүргөндө окко учкан.

Комментарий жиберүү