«Талибан» Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады

Талибдер Кабулду көзөмөлгө алгандан 20 күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин, талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 7-сентябрда өткөн маалымат жыйынында ооган жаңы өкмөтүнүн кабинетинин мүчөлөрүн жарыялады.

 “Кийинки өкмөттө биз ар кандай этникалык топтордун өкүлдөрүн жумуш менен камсыз кылууга аракет кылабыз жана ооган коомунун бардык катмарын кийинки өкмөткө тартууга аракет кылабыз”, – деди Забихулла Мужахид.
Мужахид кошумчалады: “Митингдердин артында чет өлкөлүк агымдар турат жана биз Ооганстанда башаламандыкка жол бербейбиз”. Мужахиддин айтымында, Хайбатулла Ахунзаде лидер бойдон кала берет жана жаңы өкмөттүн расмий аталышы “Ооганстан Ислам Эмирлиги” болот.
 “Биз дүйнө Ооганстанга болгон кастыгын токтотуп, Ооганстан элине кол сунат деп күтөбүз”, -деди басма сөз катчы.
 Забихулла Мужахиддин айтымында, бардык көзөмөлчүлөр эртең жумушка киришет жана аларга Ооганстандан чыгууга уруксат берилет.
Министрлер кабинетинин негизги орундарды ээлегендер төмөнкүлөр:
 Премьер-министр  Хасан Ахунд (талиптердин лидерлик кеңешинин башчысы, 1996-2001 -жылдары тышкы иштер министри);
Вице-премьер молдо Абдул Гани Барадар (кыймылдын саясий кеңсесинин башчысы);
Экинчи вице-премьер  Абдул Салам Ханафи (саясий бюронун жетекчисинин орун басары);
Коргоо министри  Мухаммад Якуб (талиптердин жетекчисинин орун басары, талиптердин негиздөөчүсү молдо Омардын уулу);
Ички иштер министри  Сиражуддин Хаккани (Хаккани тармагынын негиздөөчүсүнүн уулу);
Чалгындоо кызматынын  башчысы Абдул Хак Васик;
Тышкы иштер министри  Амир Хан Мутаки (кыймылдын жетекчилигинин мурдагы өкүлү);
Экономика министри Мухаммад Ханиф;
Каржы министри Хидаятулла Бадри;
Ооганстандын Борбордук банкынын башчысы Мухаммад Идрис.
Маалымат жана маданият министринин орунбасары Забихулла Мужахид ж.б.
Белгилей кетсек, Мужахид “жаңы ислам өкмөтүнүн” 33 мүчөсүнүн атын атады жана калган посттор кылдат талкуудан кийин жарыяланарын айтты.
Эске салсак, талиптер Ооганстандын татаал этникалык курамын чагылдырган “инклюзивдүү” өкмөттү түзүүгө убада беришти, бирок жаңы өкмөт курамында аялдар дайындалышкан эмес. Ошондой эле мамлекеттик гимн тууралуу да сөз кылышкан жок.

Комментарий жиберүү