Телефондо көп сүйлөшүү мээнин рак оорсун алып келеби?

Азыркы заманда адамдар көп убактысын уюлдук телефондор менен өткөрүп калышты. Бирок уюлдук телефондор кантип иштейт жана биздин организмге кандай таасир этерин этибарга албай келишет.

Бүгүнкү күндө тили чыккан кичинекей баладан өйдө көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Биздин телефондон чыккан нурлануу канчалык зыяндуу? Телефонду такай колдонуу рак шишигине алып келеби? Окумуштуулар көп жылдан бери мына ушул суроолорго жооп издеп келе жатат жана уюлдук телефондун зыяндуулугу жөнүндө эскертип келишет.

Чынында ыңгайлуулугуна жана зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүк сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келишет.  

Эң биринчи зыян компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан, аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет.

Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон.

Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөрдө баш оору пайда болуп, уйкусу канбай, ачуулары бат келээрин билдиришкен. Алардын айтымына караганда, иштебей, жөн эле жаныбызда турган телефондун да зыяны бар.
Францияда катуу жаан жаап, чагылган түшүп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү. Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушкан.

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.

Азыркы учурада заман талабына ылайык, уюлдук телофон жок жумуш бүтпөйт. Ошондуктан бул телофонду туура колдонууну билип алалы.

1. Уюлдук телефонду лифтте колдонуу радиация күчүнүн артуусуна себеп болот. Көпчүлүк адамдар телефондо жашыруун сүйлөшүүгө туура келгенде, элдин көзүнөн далдаа жерлерди тандашат. Айрыкча, имараттардын бурчу, тепкич жана лифт сыяктуу жабык жерлерде телефондун сигналы алсыз болгондуктан, радиациянын күчү жогорулайт.

2. Басып келе жатып телефон колдонуу белгинин өзгөрүшүнө таасир этет Уюлдук телефон менен бир орунда кыймылдабай туруп сүйлөшүү зарыл. Анткени, адамдын кыймылына карай телефон сигналы да ар кандай болгондуктан, радифциянын кубаты да ошого байланыштуу өзгөрүп турат.

3. Телефонду каршы тараптагы адам кабыл алгандан кийин гана кулакка жакындатуу керек. Уюлдук телефон али байланыша элек учурда радиациясы абдан күчтүү болгондуктан, каршы тарап телефонду кабыл алганча күтө туруу керек.

Комментарий жиберүү