Токаев Тажикстанга эмнеге барат?

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 19-20-майда Душанбеге барат.

Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

“19-20-май күндөрү Касым-Жомарт Токаев президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары  чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилет”, – деп жазды Уали.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда аймактык кооперацияны жандандырууга, Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылууга  өзгөчө көңүл бурулат.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаровго телефон чалып сүйлөшүп, чек ара жаңжалында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айткан.

Комментарий жиберүү