Түркияда тик учак кулап, 9 аскер курман болду

Түркиянын чыгышында аскердик тик учак кулап, 9 аскер курман болуп, 4 киши жаракат алды.

Түркиянын Коргоо министрлиги Cougar тибиндеги аскердик тик учак Бингёль шаарынан учуп чыккандан кийин Битлис провинциясындагы Татван шаарында кулап түшкөнүн билдирди.  Бул тууралуу Sputnik агенттиги жазды.

Коргоо министрликтин маалыматы боюнча, аскердик тик учак саат 13:55те Бингёль шаарынан учуп чыккандан  30 мүнөттөн кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Ошол замат издөө иштери башталып, тик учакты издөө үчүн учактар жалданган.

Орусиялык ЖМКлар маалымдагандай, алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына аймактагы аба-ырайынын начардыгы же тик учактын техникалык бузулушу себеп болушу мүмкүн. Түрк аскерлеринин Твиттердеги баракчаларында тик учакта 8-корпустун командири, генерал-лейтенант Осман Эрбаш  бар экендигин жана ал каза болгонун жазышууда.

Комментарий жиберүү