Т. Какчекеев: «Талибан» Борбор Азия мамлекеттерине куралдуу кол салаалбайт, бирок идеологиясын таңуулайт»

Акыркы мезгилде “Талибан” кыймылы Афганистандын бир нече райондорун басып алууда.

Жакында алар Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын стратегиялык жактан маанилүү болуп саналган бажы пунктун да көзөмөлгө алды. Ошол эле учурда Афганистан армиясынын жүздөн ашык аскери талибдер менен болгон айыгышкан согушка туруштук бере албай, Тажикстандын чек арасына, дагы элүүдөн ашыгы Өзбекстандын аймагына качып кирүүгө аргасыз болушту.

Бул арада БУУнун Афганистан боюнча өкүлү Афганистандын өкмөтү алгач АКШ жана НАТО армиясы чыгарылгандан кийин эки жылдан соң кулашы мүмкүн десе, кийин алты ай, ал тургай үч айда деле кулап калышы мүмкүн деген божомол айтты. Ал эми Афганистандын президенти Ашраф Ганинин Америкага барып, президент Жо Байден менен жолугушуп, америкалык аскерлерди чыгарууну кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүчү кабыл алынган жок. А. Ганини Жо Байден “Кандай болгондо да Афганистандан АКШ аскерлери мурда белгиленген мөөнөттө чыгарылат, биз мындан ары да Афганистанга жардам берүүнү токтотпойбуз, саясый, экономикалык жактан кызматташтыгыбыз улантыла берет…”,- деп дипломатиялык тилге салып, сылык-сыпаа узатып койду.

Бирок Афганистандагы акыркы окуялар, “Талибан” кыймылынын улам өлкө аймагынын көп бөлүгүн басып алуусу, айрыкча Борбор Азия мамлекеттери менен чектешкен Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга жакындоосу бул чөлкөмдүн президенттеринен тартып, карапайым калкына чейин дүрбөлөңгө салууда. Мисалы, талибдер чектеш аймакты басып алгандын эртеси күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ШКУнун Башкы катчыларын Дүйшөмбүгө чакырып жыйын өткөрсө, Өзбекстан армиясынын чукул даярдыгын текшерип, машыгууларды баштады.

Биз “Талибандын” мындан аркы кадамдары, эгер Афганистанда бийликти толук колго алса, Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратпайбы же кол салбайбы деген суроолордун тегерегинде Кыргызстандагы белгилүү аскер эксперти, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Токтогул Какчекеев менен маектештик.

Маектеш тууралуу: Какчекеев Токтогул Какчекеевич, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги, саясат таануучу.

СССР ички иштер министрлигинин Ленинграддагы жогорку саясый окуу жайынын жалпы аскердик-саясый факультетин, СССР ички иштер министрлигинин Москвадагы Академиясын, Дж. С. Маршалл атындагы стратегиялык изилдөөлөр жана коргонуу экономикасы коллежин  аяктаган.

Алты гуманитардык операцияларга катышкан, анын ичинде 1989-жылы кыргыз-тажик чек арасында жер-суу чатагы чыкканда, 1990-жылы Кыргызстандын Ош шаарында кыргыз-өзбек этникалык кагылышуусуна, 1999-2000-жылдары Кыргызстандын Баткен облусуна Афганистан тараптан куралдуу жоочулар кол салганда тоодогу куткаруу операцияларын жетектөөгө катышкан.

“Борбор Азиядагы кризисти башкаруу” жумушчу тобунун төрагасы, Коопсуздук маселелерин изилдеген аскердик академиялар менен жогорку окуу жайларынын консорциумунун жетекчиси.

“Ислам динин пайдалануу менен коомдо  карама-каршылыкты жаратууну чечүүнүн жолдору, тескери пропаганда жүргүзүүнү ооздуктоо” аттуу китепченин авторлошу. Уюшкан кылмыштуулук, экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүүнүн тактикалары боюнча 120дан ашык илимий иштерди жазган.

– Токтогул агай, акыркы күндөрү “Талибан” кыймылы Афганистанда улам бир районду басып алууда. Ал эми алардын соккусуна туруштук бере албаган Афганистандын өкмөттүк аскерлери Тажикстан менен Өзбекстанга чегинүүдө. Эгер талибдер Афганистанды толук басып алса, анда кошуна өлкөлөр Тажикстан менен Өзбекстанга кол салбайбы?

– Ооба, “Талибан” кыймылы акыркы кезде, айрыкча АКШ өз аскерлерин чыгара баштагандан тартып өтө активдүү болуп, Афганистандын Борбор Азия мамлекеттери менен чек арасындагы райондорду, анын ичинен Кундуз провинциясындагы Тажикстан менен чектешкен стратегиялык жактан өтө маанилүү делген бажы пунктун басып алышты. Акыркы маалыматтар боюнча, талибдер Афганистандын аймагынын 60-70%ын колго алгандыгы айтылууда.  

Бирок “Талибан” Афганистанда бийликти толук колго алган күндө деле Тажикстанга же Борбор Азиянын башка аймактарына кол салат деген коркунуч жок. Анткени, биринчиден, Тажикстанда Россиянын өзгөчө атайын даярдыктагы жана заманбап аскердик техникалар менен жабдылган №201  аскердик базасы бар. Ал эми талибдердин колундагы автомат же башка сүйрөп жүргөн жеңил ок атуучу техникаларынан башка куралы жок. Асмандан кол сала турган тик учак, МИГ деген бомбалоочу самолётторунун да жоктугун айтпай эле коёлу. Алар биринчиден, күч жагынан ушундай теңсиздик бар экендигин эң жакшы билишет.

Экинчиден, “Талибан” Борбор Азия мамлекеттери менен согушуунун келечеги жок экендигин, кайра достук мамиледе болуп, экономикалык, соода-сатык мамиле керек экендигин эң жакшы түшүнүшөт. Ансыз булар Афганистандын 30 миллион калкын бага албай, ачка калтырат.

Мындан тышкары Өзбекстандын да армиясы өтө күчтүү жана талибдер кокус кол салса, армиясы менен аскердик техникасы алардын мизин кайтарууга күчү жетет. Түркмөнстан тууралуу деле ушундай мисалды айта болот.

Эң негизгиси Борбор Азиянын ар бир мамлекеттеринин өздөрүнүн армиясы, жогорку даярдыктагы аскердик техникаларынан тышкары Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) баш болгон бир нече согуштук-аскердик, экономикалык, саясый багыттагы башын бириктирген уюмдар бар. Бул уюмдардагы Россия менен Кытайдын армиясы деле эмне деген күч. “Талибан” деле ушундай өтө кубаттуу мамлекеттер менен уюмдарга кол салуу өтө опурталдуу экендигин эң жакшы түшүнөт. Кайра алар Борбор Азия мамлекеттери менен саясый, экономикалык жактан кызматташууга өтө кызыкдар. Алар мурда деле бул чөлкөмгө кол салабыз же душманыбыз деп айткан эмес.

– Эгер “Талибан” бийликке келсе, анда Афганистанда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

– Азырынча “Талибан” Афганистанда толук бийликти колго алат деп айтуу кыйын. Анткени мындан эки-үч күн мурда Афганистандын өкмөттүк аскерлери убактылуу тарттырып койгон райондорду кайра кайтарып алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Бир чети бул алардын тактикалык кадамы болуп, артка чегинип туруп, чечкиндүү чабуул жасаган да аскердик тактикасы болушу мүмкүн. Бул жерде чечкиндүү күч Афганистандын элинин колунда. Эгер ар кандай уруу, улут жана башка топтор биригип, өкмөттү колдосо жана ыктыярдуу мекенди коргогон армияны түзсө, анда талибдердин мизи кайтарылат. Менимче Афганистандын президенти жана өкмөтү жогоруда айтылган АКШдан жана башка өнөктөш мамлекеттерден жардам болбогон учурда акыркы кадам катары ушундай жолго барып, жөнөкөй афгандыктардын мекенчил сезимин козгоп, акыркы кадам катары ушундай тактиканы колдонот. Канткен менен Афганистандын мыйзамдуу бийлигинин кошуна жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүп, жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми көпчүлүк өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган “Талибанга” айрым күчтөр жашыруун гана колдоо көрсөтпөсө, ачык жардам бере албайт.

Кокус “Талибан” бийликке келип калган учурда деле мамлекетте түп тамырынан тартып өзгөрүү болбойт. Анткени Афганистан ансыз деле ислам мамлекети болуп саналат. Болгону Америкага, азыркы бийликке жардам берип, алар менен кызматташкан тараптар, жеке адамдар жазага тартылышы мүмкүн.

– Өзүңүз баса белгилегендей, эч кандай расмий мамлекеттер тарабынан таанылбаган жана аскердик техникалары жок, бир кезде медреседе окуган молдо балдар кийин чоңойгондо колдоруна курал алып, чоң күчкө айланып, бүтүндөй мамлекеттин бийлигин басып алууга жетишти. Ушундан улам аларды кайсы бир чоң держава же күчтөр колдоого алды деп айтса болобу?

– Негизи алгач  “Талибан” кыймылы кошуна мамлекеттердин аймагында түптөлүп, көп акча каражаты жумшалып, түзүлгөн. Демек, булардын артында чоң күч бар экендигинде шек жок. Акыркы мезгилде кайсы бир чоң державанын жетекчилери “Талибандын” лидерлерин жашыруун кабыл алып же чабармандары жолугуп тургандыгы тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда. Сыягы, бул божомолдун да чындыгы болушу мүмкүн. Бирок аныгын билбейбиз.

– Биз билгенден азыр Афганистанда “Талибандан” тышкары ИГИЛ, “Аль-Каида” жана башка террордук уюмдар да бар. Булар баары биригип, Афганистандын расмий бийлигине каршы согушпайбы?

– Менимче андай болбойт. Себеби “Талибандын” өзүнүн идеологиясы жана принциби бар. Алар  өзүнүн күрөшүнө эч кимди киргизбейт, ал эмес ИГИЛчилерди да жолоткон эмес. “Талибандын”  күрөшү мурунку моджехеддерден таасир алган. Булардын күрөшү албетте, радикалдык мусулман уюмдарына түрткү берет. Ал эми ИГИЛ, “Аль-Каида” жана башка террордук уюмдардын артында башка күчтөр бар жана булардын максаты бири-бирине карама-каршы келет.

 – Демек, Талибан Тажикстанга же башка Борбор Азия мамлекеттерине кол салбаса да, өзүнүн идеологиясын жүргүзүшү мүмкүнбү?

– Идеология “Талибан” жаралгандан бери журуп келе жатат. Негизи булар Афганистанда дал ушул күчтүү идеология менен бийликке келип, жөнөкөй элдин ишенимине кирген. Булардын идеологиясы өтө күчтүү. Ошондуктан талибдер борбор азиялык мамлекеттерге ачык куралдуу кол сала албагандан кийин, бул өлкөлөрдүн көпчүлүк массасын түзгөн жөнөкөй жарандарын өзүнүн диний идеологиясынан тартып, катарына кошуу аракетин көрө тургандыгы сөзсүз боло турган көрүнүш. “Талибан” үчүн бул өтө оңой жана арзан күрөшүүнүн жолу. Анткени Борбор Азиянын баардык мамлекеттери мусулман өлкөлөр болуп саналат. Айрымдарында диктатуралык башкаруу бийлиги көп жылдардан бери өкүм сүрүп, карапайым калкы жумушсуздук, жакырчылыктын сазына батып калган. Демек, Борбор Азия мамлекеттери, айрыкча Афганистан менен чектеш Тажикстандын бийлиги эң оболу талибдердин идеологиялык “кол салуусуна” даяр болушу керек.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

Комментарий жиберүү