Украинада 5 миллиондой адам качкынга айланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча агенттиги Орусия согуш баштагандан берки элүү күн ичинде дээрлик 5 миллион украиналык үй-жайын таштап, чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери качкындардын мындай агымына күбө боло элек болчу.

14-апрелде чыккан статистикага ылайык, Орусиянын кол салуусунун кесепетинен 4 млн. 736 миң 471 украиналык качкынга айланды. Андан бир күн мурда эле бул сан дээрлик 80 миң кишиге аз болчу.

БУУ бозгундардын 90 пайызы аялдар менен балдар экенин билдирди. Киев өкмөтү аскерге жарамдуу жаштагы эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Качкындардын эң көбү – 2,69 миллион киши Польшага чыккан, андан кийинки орунда Румыния турат.

Уюм жалпысынан 7,1 миллион киши жер которууга аргасыз болгонун 5-апрелде маалымдаган. (АА)

Комментарий жиберүү