Улуу Британияда ичеги рагын эрте аныктоо үчүн камерасы бар таблетка ойлоп табылды

Ичеги рагына текшерүүдөн өтүү үчүн, жакын арада балык майы капсуласынын көлөмүндөй таблетканы жутуп коюу жетиштүү болот.

“Муну өз алдынча жана үй шартында жасаса болот”, – деп жазатBBC PillCam деп аталган шайман (таблетка-камера) видеокамера жана өткөргүч менен узундугу эки сантиметрлик капсуланы камтыйт. Ал ички органдардын сүрөтүн бейтап тагынган курга бекитилген кабыл алгычка багыттайт. Аны учурда Лондон университетинин колледжинде жана Шотландиянын бир катар медициналык мекемелеринде эндоскописттер колдонуп жатышат.

Азыркы тапта Англиянын 40 аймагында 11000 бейтаптын катышуусу менен сыноолор башталды. Капсула организмде беш сааттан сегиз саатка чейин калып, заң аркылуу сыртка чыгат.  Маалыматта белгиленгендей, бул процедура таптакыр зыянсыз жана оорутпайт. Ал рак шишиктеринен тышкары, Крон оорусу сыяктуу башка оорулардын белгилерин да аныктай алат.

Комментарий жиберүү