Филиппинде тропикалык бороондон ондогон адамдар каза болду

Филиппинде тропикалык “Мега” бороон-чапкынынан улам пайда болгон жер көчкү жана суу ташкындары ондогон адамдардын өмүрүн алды.

Бул тууралуу “Франс Пресс” агенттиги жергиликтүү бийлик жарыялаган билдирүүлөргө таянып билдирди.

Маалыматка караганда, тропикалык бороондо 58 адам каза болуп, 580 миң адам жаракат алган. Каза болгондордун көбү Лейте провинциясынын тургундары жана дагы 27 адам дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Катуу шамалдын кесепетинен 40 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Жалпысынан 453 сел жана 43 жер көчкү катталып, 179 жол жана 7 көпүрө жарактан чыккан. Ошондой эле 69 шаарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, үчөөндө суу түтүктөрү иштебей жатканы кабарланды.

Мега тропикалык бороон-чапкыны Филиппиндин чыгышына 10-апрелде жетип, максималдуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 21-29 метрге чейин жеткен.

Буга чейин, АКШнын Кентукки штатында “Торнадо” бороонунан кеминде 70 адам каза болгон. Губернатор Энди Бешир кырсыкты штат тарыхындагы эң кыйратуучу “Торнадо” деп атады.

Комментарий жиберүү