Эми жогорку билими жоктор деле депутат боло алат

Мындан ары жогорку билими жок жарандар дагы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана алат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Мындан тышкары, Конституцияда дагы жогорку билим талап кылынбастыгын баса белгиледи.

ЖКнын депутаттарынын ичинен бул маалыматка таң калгандар дагы болду. Депутат Калдарбек Баймуратов “жогорку билим талап кылынбаса фамилиясын жаза албагандар дагы депутат боло береби” деп таң калуу менен суроо узатты.

Шайлдабекованын айтымына караганда, учурда колдонулуп жаткан жаңы мыйзамда депутат болуу үчүн жогорку билим талап кылынбайт, анткени бул эл өкүлчүлүк кызматты аткарган орган.

Ошондой эле, БШКнын төрайымы бир саясатчы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, билими жок болсо депутаттыкка барбайт деп эсептерин кошумчалап өттү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинде: “Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу”, – деп жазылган.

Учурда парламентте шайлоо мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Комментарий жиберүү