Эрдоган АКШнын армян геноциди боюнча чечимине капаланып, индеецтерди эске салды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсү АКШ президенти Жо Байдендин Осмон империясындагы армян геноцидин тааныган чечимине катуу капаланганын айтып,  америкалыктарга алардын индеецтер менен болгон мамилесин эске салды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
 Буга чейин 24-апрелде АКШнын президенти Жо Байден XX кылымдын башында Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынын “геноцид” катары тааныган.

Түркия АКШнын чечимин “толугу менен четке кагып”, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “ал популизмге негизделгенин” билдирди. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз кезегинде Ак үйдүн чечимин кубаттап чыкты.

“Байден бир кылым мурун болгон окуяларга карата тарыхка негизделген эмес, адилетсиз сөздү колдонду. Бул бизди терең капа кылды. Бул суроолорду саясатчыларга эмес, тарыхчыларга калтырыш керек. Бирок каршы тараптан жооп жок. Батыш армян маселесинде жана террордук уюмдарга карата эки жүздүүлүктү көрсөтүп жатат”, – деп билдирди Эрдоган.

Түрк лидери айтылган позицияны тастыктоо үчүн, Осмон империясындагы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армян диаспорасынын өкүлдөрү түрк калкынын арасынан “бейкүнөө адамдарды өлтүргөндүгүн” белгиледи.

Ошол эле учурда, ал Түркия ачууга даяр болгон архивдик маалыматтардын негизинде тийиштүү билдирүүлөрдү жасап жаткандыгын баса белгиледи. Эрдоган Байдендин билдирүүсүн тастыктаган армян геноциди боюнча документтерден күмөн санады.

“Эгерде силер “геноцид” десеңер, анда өзүңөрдү карагыла. Индеецтер жөнүндө сөз кылуунун кажети жок – бардыгы мурунтан эле белгилүү. Андыктан Түркияга “геноцид” деген тамганы жабыштыра албайсынар”, – деди Эрдоган.

XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында Осмон империясы армяндарды куугунтуктап келген. Тактап айтканда, 1915-жылы, бир катар тарыхчылардын айтымында, бул элдин бир жарым миллиондон ашуун өкүлү өлтүрүлгөн. Геноцид фактысын 23 мамлекет, ошондой эле Европа парламенти жана Бүткүл дүйнөлүк чиркөөлөр кеңеши тааныган.

Түрк өкмөтү армяндардын массалык өлүмү фактысын тааныйт, бирок “геноцид” деген терминдин колдонулушуна каршы жана Ереван айтып жаткан курмандыктардын санын ашыкча деп эсептейт.

Комментарий жиберүү