Эрдоган: «Израиль чектен ашып кетти»

Түркия Тоолуу Карабакта Азербайжанды кандай колдосо, ошондой эле чечкиндүүлүк менен Иерусалимди колдойт деди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

“Биз террордук  Израиль мамлекетинин эзүүсүнө ачууланып жатабыз. Израиль бардык чектен ашып кетти. Аларды токтотуу адамзаттын милдети”, —деди түрк лидери.

Эрдоган жаңжал БУУнун катышуусуз чечилбейт деп баса белгиледи. Ошондой эле, ал 19 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты.  

Анын айтымында, Түркия “Израилдин агрессиясына “бүт дүйнө көз жумуп койсо дагы” чыдай албайт.

8-майга караган түнү Чыгыш Иерусалимде палестиналыктар менен Израиль полициясынын ортосунда ири кагылышуу болгон. Толкундоолор бир эле учурда эки жерде башталган: Храм тоосунун жанында жана Шейх Жаррах кварталында. Ал жерде Израил сотунун чечими менен бир нече араб үй-бүлөлөрү чыгарылууда. Анын натыйжасында нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка чейин жетти.

Израиль менен Палестинанын Газа тилкесинин чек арасындагы кырдаал дүйшөмбү күнү кечинде курчуп, эки жак бири-бирин ракета менен аткылоону баштаган.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израилдин Газага жасаган кол салууларынын натыйжасында 119 адам каза болуп, 4 миңден ашуун үй талкаланды.

Эл аралык коомчулук тараптарды сабырдуулукка чакырууда. БУУ Израиль менен палестиналыктарды аткылоолорду тезинен токтотууга чакырып, аймактагы кырдаал олуттуу согуштун босогосунда турганын эскерткен.

Комментарий жиберүү