Өзбекстан Россия жана Казакстан менен «газсоюзунан» баш тартты

 Өзбекстан Россия жана Казакстан менен үч тараптуу “газ союзун” түзүү сунушунан баш тартты.

Бул тууралуу Өзбекстандын вице-премьер-министри жана энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов айтканын Reuters агенттиги жазды.

Анын айтымында, Москва менен Ташкент орус газын коңшу Казакстан аркылуу жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок бул техникалык гана келишим болот.

“Өзбекстан Москва менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишим түзүүгө даяр, бирок Россия жана Казакстан менен газ союузуна кирүү ниети жок. Газ келишиминин түзүлүшү “союз”дегенди билдирбейт.

Суроо-талапты жабуу, ички керектөөнү камсыз кылуу жана көйгөйдү чечүү үчүн бүгүнкү күндө кандайдыр бир альянс же союз аркылуу эмес, коңшу өлкөлөрдөн газ жана электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул жерде биз энергетикалык тармактарыбызды өткөрүп берүү жолу менен эмес, коммерциялык келишимдин, сатуу-сатып алуунун негизинде кызматташуу үчүн улуттук кызыкчылыктын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Мирзамахмудов.

Reuters агенттиги белгилегендей, кычыраган кыштын фонунда Өзбекстанда күйүүчү майдын тартыштыгы сезилип, атүгүл Кытайга күнүнө 6 миллион куб метр газ экспорттоону токтотууга аргасыз болгон.

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги президенттик аппаратында калкты жана экономиканы энергетикалык ресурстар менен камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган жыйында жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту кошумча сатып алуу боюнча башка башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү чечими кабыл алынганын маалымдады.

Өлкөдө бардык өндүрүүчүлөр жана соодагерлер үчүн суюлтулган газды экспорттоого тыюу салуу киргизилип, мамлекеттик органдарга 2023-жылдын 1-мартына чейин суюлтулган газ менен жүргөн автоунааларды колдонууга тыюу салынды.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууд алкагында РФ президенти “үч таратуу газ союзун” түзүүнү сунуштаганын билдирген.

Комментарий жиберүү