Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Путин коронавирустан каза болгондордун санын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирустук инфекциядан болгон өлүмдү Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготуулар менен салыштырды. Бул тууралуу ал Валдай клубунун XVIII жылдык жыйынында айтканын “Лента.ру” сайты жазды. Путин дйнөдө 4,9 миллиондон ашуун адам COVID-19  илдетинен каза болгонуна токтолуп, “Бул коркунучтуу сандар салыштыра келгенде Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги катышуучуларынын арасындагы аскердик жоготуулардан да ашып түшөт”, – деди. Ошондой эле, Орусияда коронавирус боюнча абал оор экенин, илдеттин таралышы тездеп, эмдөөнүн деңгээли төмөн бойдон калып жатканын айтты. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы…

Прочитайте больше

Ташиев: Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алды

Ташиев: Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу бюджеттик каражатка Орусия жана Түркиядан “Байрактар” жана  “Орлан 10Е” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. “Биз башка техникаларды алуу үчүн да мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыр Түркияда биз үчүн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараты жасалып жатат. “Байрактар” дүйнөнүн беш  мамлекетинде гана бар, алардын бири Кыргызстан болот. Жакында…

Прочитайте больше

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибанды” террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн

Орусия “Талибан” кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин “Валдай” клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи. Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында “Талибан” кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын” жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер…

Прочитайте больше