Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Норвегиянын Хаукеланд университетине караштуу оорукананын дарыгери Марта Эббинг изилдөө жүргүзүп, адамдар көп пайдаланган эки витамин рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырарын аныктады. Бул тууралуу Американын медициналык ассоциациясынын журналы жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Изилдөөнүн жыйынтыгында В12 жана фолий кычкылы рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары белгилүү болгон. Бул эки витаминди кабыл алган жүрөк оорусу менен жабыркагандарда бул кошумчаларды ичпеген жүрөк оорулууларына салыштырмалуу кандайдыр бир себептерден улам рак жана өлүм коркунучу бир аз жогорулаган. Окумуштуулардын айтымында, фолий кислотасы жана В12…

Прочитайте больше

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Тажикстандын Кабулдагы талиптердин өкмөтүн таануу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-октябрда Тегеранда өткөн Ооганстандын коңшуларынын министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып айткан. Тажик дипломаты Ооганстандын жаңы өкмөтү бийликке бүтүндөй элдин, анын ичинде башка этностордун да пикирин эске албай күч менен келгенин белгиледи. “Этникалык тажиктер ооган элинин 46%ын түзгөндүктөн улам жаңы өкмөттүн курамында орун алышы керек болчу”, – деди Мухриддин. Белгилей кетсек, аймактагы өлкөлөрдүн, дүйнөлүк державалардан, ошондой эле эл аралык уюмдардын “Талибан”…

Прочитайте больше

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Президент Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат. Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 29-октябрда Жапаров Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын айтты. Садыр Жапаров 2021-жылы июнда Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Анда…

Прочитайте больше

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген. Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат. Рейтингде…

Прочитайте больше