Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты.  “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан  кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…

Прочитайте больше

Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул туурасында  аталган уюмдун сайтында айтылат. Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган. Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты. Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин…

Прочитайте больше

ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти

ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечти. Бул тууралуу маалыматты Экономика жана финансы министрлиги кабарлады. Аталган министрлик сентябрь айынан баштап өлкөнүн ЭВФтин алдындагы карызын кыскартуу аракетин көрө баштаган. Маалыматка караганда, аталган фонддун Аткаруу кеңеши кирешеси төмөн өлкөлөргө оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, фонд Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан баштап 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион доллар карызын кечти. Карыздан үнөмдөлчү…

Прочитайте больше

Бишкекте эки күндүк жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат

Бишкекте эки күндүк жарманкеде айыл чарба азыктары дүң баада сатылат

Борбор калаада 16-17-октябрь күндөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жарманке өткөрөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл чарба азыктарынын баалары дүң баада сатылат. Жарманке өтүүчү даректер: –  Октябрь райондук администрациясы, 12-кичи район, А.Токомбаев – Н. Джетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштери; –  Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилиштери.

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо: Маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга уруксат берилеби? Кадыр ажы Маликов: Ислам дини маркумдун руху үчүн садака берүү максатында мал союуга тыюу салбайт. Бирок дин ысырап кылууну жактырбайт. Өлүктү акыркы жайга узатууда мал союу көчмөн элдерде (кыргыз, түркмөн, казак, алтай, башкыр) Исламга чейин эле болгон. Ислам бул салтты оңдоп, бутпарастыкка, ысырапкорчулукка жана сөзсүз союу…

Прочитайте больше

Канткенде балаңыз өз алдынча тапшырма аткарып баштайт?

Канткенде балаңыз өз алдынча тапшырма аткарып баштайт?

Окуу жылынын башталганына аз гана болду. Ата-энелер эс алып көнгөн балдарына сабак окутууда айрым кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Тапшырма аткаруу – окуучу үчүн да, ата-эне үчүн да чоң сыноо. Бардык эле балдар көңүлдөнүп, өз каалоосу менен сабак окубайт. Баланы кызыктыруу жана бара-бара өз алдынча тапшырма аткаруусуна үйрөтүү ата-энеден көз каранды. Бала окутуу көйгөйгө айланбашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул макаладан айрым кеңештерди таба аласыз. Ата-энелерге балага тапшырма аткартуу боюнча кеңештер 1) Жардам берүүгө даяр болуңуз. Баланын…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо сыйкыр жана кара дуба тууралуу, бул иштердин канчалык күнөө экендиги жөнүндө келди. Кадыр ажы Маликов: Руханий боштук, айланабызды курчаган туруксуздук, коркунучтар түрдүү психикалык ооруларга жана массалык депрессияга алып келүүдө. Буга байланыштуу калк арасындагы психикалык оорулардын өсүү тенденциясы адам үрөйүн учурат. Көрө албастык, жек көрүү жана түркөйлүк диндеги адекваттуу адамдарды да кээде каапырлык жана Аллага…

Прочитайте больше