Ош шаарынын аймагын 10 миң гектарга чейин кеңейтүү аракети жүрүүдө

Ош шаарынын аймагын 10 миң гектарга чейин кеңейтүү аракети жүрүүдө

Ош шаарынын аймагын кеңейтүү иши чектеш турган райондордун жерлерин алуу менен ишке ашат. Бул боюнча жергиликтүү бийлик Президент менен Министрлер кабинетине атайын документтерди даярдап жөнөткөн. Анда шаардын аймагына кошсо болот деген 10 миң гектарга жакын жер көрсөтүлгөн. Учурда бул маселени мекемелер аралык комиссиясы реалдуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев билдирди. «Ош шаарына киргизсе болот деген жерлер калаанын батыш тарабынан Араван районунан каралган. Түндүк-батыш тарабы Өзбекстандын чек…

Прочитайте больше

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 104 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Жаңы катталгандардын эң көбү Бишкек шаарына тиешелүү. Борбор калаада 69 учур, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 5 жана Баткен облусунда 1 учур катталды. Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 179 036га жетти. Анын ичинен 173 796 бейтап айыгышты. Бир сутка ичинде илдеттен эки адам каза болду. Муну менен дарттан көз жумгандардын…

Прочитайте больше

Путин 69 жашта. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Путин 69 жашта. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 69 жашка толду. Ал 1952-жылы Санкт-Петербург шаарында туулган. Садыр Жапаров ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров орусиялык кесиптеши Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет. Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Жапаров Путинди туулган…

Прочитайте больше

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

SARS-CoV-3 коронавирусу келечекте SARS-CoV-2нин адамдардан жарганаттарга жугуусунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сингапурдун Улуттук Университетинин алдындагы жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар программасынын жетекчиси, профессор Ван Линьфа 7-октябрда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын (АСЕАН) конференциясынын жүрүшүндө билдирди. Профессордун айтымында, Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутацияланып, кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга жугуп, жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн. Коронавирустун адамдан жаныбарга жуккан учурлары белгилүү. Пандемия учурунда үй жаныбарлары ээлеринен коронавирус жуктуруп алган учурлар…

Прочитайте больше

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

“Кумтөр Голд Компани” Кумтөр кенинде “канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын” билдирди. 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген. “Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат… Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш…

Прочитайте больше

Эми министр болгусу келгендер 10 жыл мамлекеттик кызматта иштеш керек

Эми министр болгусу келгендер 10 жыл мамлекеттик кызматта иштеш керек

“Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланды. Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана мунициалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгилеп: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук…

Прочитайте больше

Кыргыз көмүр: “Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт

Кыргыз көмүр: “Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт

М. Жакыповдун айтымында, күнүгө бир отун базасына 200 тоннадан көмүр түшүрүлүп жатат. Бирок ал келери менен сатылып кетүүдө. Учурда Бишкектеги отун базаларында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы болжол менен 4 500 сомдон сатылууда. Бирок бул баа төмөндөй турганын “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Жакыпов аба ырайынан улам көмүр кеч казылганын айтып, бирок ага карабай жетиштүү көлөмдө алына баштаганын белгилеген. “Үч күндөн бери Бишкектеги көмүр базаларына Кара-Кеченин көмүрү келе…

Прочитайте больше