Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

SARS-CoV-3 коронавирусу келечекте SARS-CoV-2нин адамдардан жарганаттарга жугуусунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Сингапурдун Улуттук Университетинин алдындагы жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар программасынын жетекчиси, профессор Ван Линьфа 7-октябрда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын (АСЕАН) конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Профессордун айтымында, Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутацияланып, кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга жугуп, жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн.

Коронавирустун адамдан жаныбарга жуккан учурлары белгилүү. Пандемия учурунда үй жаныбарлары ээлеринен коронавирус жуктуруп алган учурлар бир нече жолу катталган.

Көпчүлүк изилдөөчүлөр SARS-CoV-2 вирусунун штаммы Азияда жашаган жарганаттарда бар деп эсептешет. Бул вирус Ухандагы балык базарындагы адамдар жукканга чейин “X” жаныбарына, мүмкүн панголиндерге же циветтерге жуккан болушу мүмкүн.

Сактык чарасы катары адис жарганаттардын жана башка жапайы жаныбарлардын популяцияларында пайда болгон жаңы вирустарды кылдаттык менен көзөмөлдөөнү, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана дүйнөдө жугуштуу сасык тумоого үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү боюнча ишенимдүү система иштеп чыгууну сунуштады.

Комментарий жиберүү