Путин 69 жашта. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 69 жашка толду. Ал 1952-жылы Санкт-Петербург шаарында туулган. Садыр Жапаров ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров орусиялык кесиптеши Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Жапаров Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

“Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Путиндин чоң салымын белгиледи. Ошондой эле, Жапаров Орусия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты”, – деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.

Комментарий жиберүү