Тажик-ооган чек арасында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) “Өз ара аракеттенүү”, “Издөө” жана “Эшелон” деп аталган аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу машыгуунун басма сөз борборунан билдиришкенин Спутник-Тажикстан сайты жазды. Машыгууга төрт миң аскер, 500дөн ашык техника тартылган. Алардын арасында “Жолборс” деп аталган ок өтпөс автоунаалар, Су-25 чабуулчу учактар жана башка заманбап аскер техникалары бар. Машыгууга ылайык, Момирак жана Харб-Майдон полигондорунда аскерлер террористтердин басып кирүүсү жана согуштардын локалдашуусу боюнча аракеттерди жасашат. Аскер кызматкерлери Сирия жана Тоолуу…
Прочитайте большеDay: October 18, 2021
«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди
“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун бар экенине тынчсыздануусун билдирген маалыматына комментарий беришти. Бул тууралуу ооган ЖМКлары жазды.15-октябрда Путин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында Ооганстандын түндүгүндө “ИМ” террордук уюмунун 2000дей согушкери топтолгонун айткан.“Алардын лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине жана Орусиянын аймагына өздөрүнүн таасирин жайылтууну пландап жатышат. Алар этникалык жана конфессиялык чыр-чатактарды жана диний кастыкты козутууга үмүт артышууда. Террорчулар шериктеш өлкөлөрдүн аймагына качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат”, – деп билдирген…
Прочитайте большеТүркияда орусиялык согуштук учактарды сатып алууга уруксат берилди
Түркия АКШ F-16 учактарын сатууну тоңдура турган болсо, Орусиядан Су-35 жана Су-57 согуштук учактарын сатып алууга уруксат берди. Бул тууралуу Түркиянын коргоо өнөр жай башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир билдиргенин чет элдик басылмалар жазды. Анын айтымында, АКШ F-35тен кийин F-16 согуштук учактарын да сатууну токтотсо, Түркия Орусиянын Су-35 жана Су-57 учактарын сатып алышы толук мүмкүн. Буга чейин, Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев РИА “Новости” агенттигине, Анкара сатып алуу боюнча чечим кабыл алса эле Москва түрк тарап…
Прочитайте больше