Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстандын күч түзүмдөрү үчүн тажик-ооган чек арасына жакын жердеги Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база курат. 27-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы бул тууралуу чечимди жактырганын маалымат каражаттары жазышты. Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты. Маалыматка караганда, курулуштун бюджети 55 миллион кытай юаны деп бааланууда. Бул болжол менен 100 миллион сомони болот. Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот. Макулдашууга ылайык,…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кечээ, 27-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө иран элчиси министр Казакбаевге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш-сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды. “Тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы  эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу…

Прочитайте больше

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат. Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов. Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС…

Прочитайте больше

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди. Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди. Анын айтымында, негизги киреше…

Прочитайте больше