«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун бар экенине тынчсыздануусун билдирген маалыматына комментарий беришти.

Бул тууралуу ооган ЖМКлары жазды.
15-октябрда Путин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында Ооганстандын түндүгүндө “ИМ” террордук уюмунун 2000дей согушкери топтолгонун айткан.
“Алардын лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине жана Орусиянын аймагына өздөрүнүн таасирин жайылтууну пландап жатышат. Алар этникалык жана конфессиялык чыр-чатактарды  жана диний кастыкты козутууга үмүт артышууда. Террорчулар шериктеш өлкөлөрдүн аймагына качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат”, – деп билдирген Орусиянын президенти.
Путин ошондой эле талиптерди расмий түрдө таанууга шашпоого чакырган.
“Биз азырынча талиптерди расмий түрдө таанууга шашылбашыбыз керек. Биз алар менен өз ара аракеттенишибиз керек экенин түшүнөбүз, бирок бул жагынан шашпашыбыз керек. Биз муну талкуулап, консультацияларды өткөрөбүз. Бирок, биз ооган элдешүү процессин колдоп, ал өлкөдөгү абалды нормалдаштырууга умтулушубуз керек”, – деген ал.
Путиндин бул билдирүүлөрүнө комментарий берген “Талибан” кыймылынын маданий иштер боюнча  комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани Ооганстандын түндүгүндө “ИМ” согушкерлеринин бар экендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.
“Буга байланыштуу айтылган коркуулар негизсиз. “ИМ” Ооганстандын бир дагы аймагында калктын колдоосуна ээ эмес”, – деди Самангани.
Өз кезегинде, талиптер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки эл аралык коомчулуктун “Талибан” кыймылынын өкмөтүн тааныбоосу “ИМ” согушкерлерине пайда алып келерин айтты.
«Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн расмий түрдө таанылбаганы “ИМ” үчүн пайдалуу. Чет өлкөлөр бир жагынан бизге оогандарды өлкөдөн чыгып кетпеши үчүн көзөмөл кылгыла дешсе, башка жагынан алар Ооганстандын жаңы өкмөтүн тааныбай жатат. Бул террорчуларды шыктандырууда. Бул Ооганстандын же башка дүйнөнүн кызыкчылыгына туура келбейт”, – деди Муттаки “Анадолу” агенттигине берген маегинде.

Комментарий жиберүү