Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө.

Кезектеги суроо: Маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга уруксат берилеби?

Кадыр ажы Маликов:

Ислам дини маркумдун руху үчүн садака берүү максатында мал союуга тыюу салбайт. Бирок дин ысырап кылууну жактырбайт. Өлүктү акыркы жайга узатууда мал союу көчмөн элдерде (кыргыз, түркмөн, казак, алтай, башкыр) Исламга чейин эле болгон. Ислам бул салтты оңдоп, бутпарастыкка, ысырапкорчулукка жана сөзсүз союу керек деген милдетке тыюу салды. Ал эми материалдык мүмкүнчүлүгү барларга мал союуга уруксат берилген (милдеттүү эмес). Мүмкүн болсо кой союп, жаназа үчүн алыстан жол жүрүп келгендерге тамак берүү- Исламга каршы келбеген салт. Иорданияда жүргөнүмдө бедуин (көчмөн) арабдарында да мал союларын көрдүм. Көбүнчө сөөк коюлгандан 3-7 күн өткөндөн кийин жана бир жылдан соң бир нече кой же төө союлат. Бирок мүмкүнчүлүгүнө жараша бай адамдар гана союшат. Ошентип, эттин бир бөлүгү бышырылып, күрүч менен кошо чакырылгандарга берилет. Маркум үчүн дуба кылынып, Куран сүрөлөрү окулат. Эттин калган бөлүгү садака катары муктаждарга таркатылат.

Бирок биздеги эң чоң көйгөй – коом муну дээрлик милдеттүү салт катары кабыл алганында. Аша чабуудан улам жакшы каада ысырапкорчулукка айланат. Кээде маркумдун үй-бүлөсүн зулумдукка (адилетсиздик, зыян) кептеп коёбуз. Сөөктү “татыктуу түрдө жерге берүү” үчүн үй-бүлө банктан насыяга акча алууга мажбур болгон учурлар кездешет. “Эл эмне дейт” деген бүтпөгөн сөз үчүн ушунун баары болууда.

Жаназадан кийин маркумдун үйүндө тамак даярдалышына Куранда жана хадистерде түз тыюу салынган эмес. Бирок пайгамбарыбыздын сүннөтүндө сөөк коюудагы кыйынчылыктарды басаңдатуу үчүн тамак-аш даярдоого жардам берүүгө туугандарды жана кошуналарды чакырган учурлар бар. Тактап айтканда, алар тамакты өз үйүнөн даярдап келип берүүсү.

Ошол эле учурда бардык мусулман аалымдары маркумдун үйүндө (алгачкы күндөрү) конок сыйлоо үчүн тамак даярдоону жагымсыз (макрух) деп белгилешкенин айтып өтүшүбүз керек.

Сөөк коюу канчалык көп чыгым, даярдык менен коштолсо, ошончолук айыптуу, жадагалса, тыюу салууга (арам) чейин алып барат. Ошондуктан, муктаж болгон маркумдун үй-бүлөсүнө каржылык жактан “кошумча” кошуп жана тамак даярдоодо колдон келишинче жардам берүү керек.

Ал эми бизде шарият эрежелери бузулуп жатат. Тескерисинче, элди тойгузуу машакаты жакынын жоготкон адамдарга материалдык оорчулукту алып келүүдө. Кээде жакын да эмес, алыскы туугандардын келиши үчүн жаназа 3 күнгө жылдырылат. Бирок ошол туугандар дайым эле маркумдун кайгысын тең бөлүшө бербейт. Алыскы туугандар эт бышырып жатып, анекдот айтышканын жана жашоо, саясат ж.б тууралуу маектешкендерин өзүңүз деле бир нече жолу байкаган чыгарсыз.

Комментарий жиберүү