ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечти

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечти.

Бул тууралуу маалыматты Экономика жана финансы министрлиги кабарлады.

Аталган министрлик сентябрь айынан баштап өлкөнүн ЭВФтин алдындагы карызын кыскартуу аракетин көрө баштаган.

Маалыматка караганда, аталган фонддун Аткаруу кеңеши кирешеси төмөн өлкөлөргө оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, фонд Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан баштап 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион доллар карызын кечти.

Карыздан үнөмдөлчү каражатты коронавирустун кесепетин жеңилдетүү үчүн жумшоо пландалууда.

Комментарий жиберүү