Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты.

 “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.
Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.
Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.
Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан  кубаттаса болот.
Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.
Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай транспорт каражаты кийинки беш жылдын ичинде рынокко чыга алат.

Комментарий жиберүү