Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар.

Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган.

*ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну келерки жылдын биринчи жарымына пландаштырууда.

Комментарий жиберүү